Орусиянын "кара тизмесине" кирген жаран башка бирөөнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен Ош аэропортунан кармалды

Ош-Иркутск авиарейсине каттоо жүрүп жатканда Ош аэропортунан Орусиянын жараны кармалды. Ал 1994-жылы туулган А.Б. аттуу кыргыз жаранын башка бирөөнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен Орусияга алып кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу 12-сентябрда Чек ара кызматы билдирди.

Текшерүү учурунда А.Б. аттуу жаран Орусиядагы ЖОЖдо билим алары жана Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын "кара тизмесинде" экени аныкталган. Орусиянын жараны анын паспортсуз, башка бирөөнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен чек арадан өтүүсүнө жардам берүүгө аракет кылган. Тийиштүү документтер чогулгандан кийин кармалгандар УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
samira8589
2015-09-17 19:02:33
ЖОЖдо окуса эмнеге кара тизмеде бт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан