"Өнүгүү-Прогресс" партиясынан шайлоого аттанган талапкерлер Нарын дубанындагы Ак-Талаа өрөөнүнүн жашоочулары менен жолугушту. Жолугушууда алгач кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири, белгилүү коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин арбагына багышталып куран окулду. Партия төрагасы улуу инсандын басып өткөн жолу жана кыргыз элине жасап кеткен иштерине кыскача токтолуп өттү.
Жолугушууда төрага Бакыт Төрөбаев Ак-Талаа өрөөнүнүн элине "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын платформасын тааныштырды. "Партия үч жыл ичинде Ак-Талаа өрөөнүнө МТС ачып, ооруканадагы палаталарды оңдоп-сырдады. Ошондой эле каналдар тазаланып, жолдорго шагыл төгүлдү. Азыркы тапта Ак-Талаада жыйым-терим иштери кызуу жүрүп жатат. Буга "Өнүгүүнүн" техникалары кол кабыш кылып, эки комбайны кызмат көрсөтүүдө. Мындай саамалыкка өрөөндүн эли өзгөчө ыраазы, анткени буга чейин техникалардын жоктугунан көптөгөн кыйынчылыктарга кабылып келишкен. Эгиндерин учурунда жыйнай албай, чыгымга гана учурашкан.
Нарын облусунун Ак-Талаа өрөөнү бийик тоолуу аймакка киргендиктен, андагы жергиликтүү жашоочулардын ден соолугуна кам көрүү зарылчылыгы бар. Партия буга өзгөчө көңүл бөлөт. Атайын медициналык көчмө топ иштеп, элди кароодон өткөрдү жана ар тараптан медициналык жардам көрсөттү. Ак-Талаанын эли айыл жана мал чарбачылыгы менен алектенет, бирок бул эки багыт боюнча көптөгөн кыйынчылыктар бар. Абалды жакшыртууда бир гана "Өнүгүү-Прогресс" партиясы алгылыктуу аракеттерди жасап келет",- деп айтылат партиянын билдирүүсүндө.
Муну чогулган эл да жашырган жок. Бир да партиянын карапайым эл менен жакын иштешпегендигин белгилешти. Бакыт Төрөбаев келечекте мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн аймакка атайын ветеринардык кызмат ачуу керектигине токтолду. Тургундар муну бир гана "Өнүгүү-Прогресс" партиясы ишке ашыра ала тургандыгын айтышты. Ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн жоктугунан жана тоюттардын сапатынын начардыгынан мал ар кандай илдеттерге учурап, саны кыскарып жатат. Мал чарбачылыгы менен гана киреше таап келе жаткан өрөөндүн эли үчүн бул көрүнүш чоң эле көйгөй.
Ак-Талаада негизинен айыл жана мал чарбачылыгы жөнүндө сөз болду. Чогулган элди да дал ушул эки маселе кызыктырды жана партиянын бул багытта жүргүзүп келе жаткан иштерине ыраазы болушту.
Материал "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.