15-ноябрдан 15-декабрга чейин мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо айы өтөт

Кыргызстанда 15-ноябрдан 15-декабрга чейин ден соолук жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо айы өтөрүн Социалдык өнүктүрүү министрлигинен маалымдашты. Колдоо айлыгы "Биз биргебиз" деген ураандын алдында 3-декабрь эл аралык мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө карата өткөрүлөт. Аталган мезгилде мүмкүнчүлүгү чектелгендер төмөнкүдөй акысыз кызматтардан пайдалана алышат: акысыз медициналык консультация, химиялык тазалоо, бут кийимди оңдоо. Ошондой эле аларга көргөзмөлөргө бекер жүрүш жасоо, азык-түлүктөрдү арзандатылган баада сатып алуу үчүн жарманке жана акысыз кайрымдуулук түштөнтүү уюштурулат.
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан