Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаровдун Арменияга болгон иш сапарынын алкагында 10 документке кол коюлду

Бүгүн, 17-октябрда Ереван шаарында президент Садыр Жапаровдун Арменияга болгон расмий сапарынын алкагында кыргыз-армян кызматташтыгын чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Өлкө башчысынын басма сөз кызматы бул жаатта маалымат берип, кол коюлган документтердин тизмесин жарыялады.

Алар:

  • президент Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын биргелешкен билдирүүсү;
  • Министрлер кабинети менен Армениянын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын сапарлары жана жүрүү тартиби жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы 2027–2029-жылдарга кызматташуу жөнүндө жол картасы;
  • Агартуу министрлиги менен Армениянын Билим берүү, илим, маданият жана спорт министрлигинин ортосундагы билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Армениянын Билим берүү, илим, маданият жана спорт министрлигинин ортосундагы билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Армениянын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин ортосундагы Ысык-Көл жана Севан көлдөрүн сактоо боюнча кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  • Социалдык фонд менен Армениянын Эмгек жана бакубаттуулук министрлигинин ортосундагы пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Армениянын Юстиция министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандуму;
  • Улуттук илимдер академиясы менен Армениянын академиясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
  • Бишкек шаары менен Еревандын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү жөнүндө макулдашуу.

Эскерте кетсек, 15-октябрда өлкө башчысы Садыр Жапаров Азербайжандан түз эле Арменияга иш сапары менен барды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан