Нарын. "Жайлоого кой кайтарганы кеткен бойдон дайынсыз" деп изделген карыянын жансыз денеси табылды

Нарын районунун Ак-Кудук айыл аймагында "жайлоого кой кайтарганы кеткен бойдон дайынсыз" деп изделген 78 жаштагы карыянын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу 12-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 11-сентябрда саат 16:30 чамасында үйүнөн алыс эмес жерден 1937-жылы туулган Саалы Өмүровдун жансыз денеси табылган. Куткаруучулар маркумдун сөөгүн балдарына өткөрүп беришкен. Алдын ала маалыматтарга караганда, С.Өмүров жүрөк оорусунан каза болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Izdeim_seni.
2015-09-12 20:57:34
78 деги аксакалга кой кайтартбай эле коюшбайбы?
+11
Serenada
2015-09-12 22:54:35
Жайы жаннаттан болсун аксакалдын
+7
chon-alai90
2015-09-12 23:13:15
80 чыккан аксакалды койго чыгарткан балдарыга наалат болсун атаны сыйлашты билбеген
+4
aash
2015-09-13 16:02:42
chon-alai90, Кайтарып эрмек кылып келейин десе, жок кайтарба деп конулун калтырбайлы дегендир.Карылык бизге да келет. Антип билип билбей наалат айтканын туура эмес.
+5
chon-alai90
2015-09-13 19:03:28
aash, ошондой болсо да бироо жарымды кошуп чыгарбайбы.
-1
aika09
2015-09-13 00:04:39
тообо 78деги аксакалды кой кайтарганы жиберген кандай балдары болду экен
+1
zaika.tvo9.1990
2015-09-13 00:48:30
aika09, ошону айтсаң. Азыр карыларыбыз кор болуп атат. Бул дүйнө кайтаар дүйнө. Балдары эртеңки күнүн ойлонушту бекен.
+1
bakaiBBBB
2015-09-13 01:04:35
Бирок 78 жашка чыгып тошокто жатпай кой кайтарып басып журуп эле ажалын жеткени жакшы бир тарабы
+6
nura.177
2015-09-13 01:21:19
Карыганда карыларыбыз да кыйналыштыда, уй толтура небере карашат,уйдун тирилигида мойнуларында. Заманын тушкур,акча деп журо береткенбизда адамдык касиетибизден да айрылып. Чон атанын жаткан жери жайлуу болсун.
+2
dubai
2015-09-13 01:23:22
озу кайтарам деп болбой кайтарууга чыгып журсо керек,балдарын корбой-билбей наалат айта баштадынар го,кары адамдар кылба дегенге конобу...мисалы менин таятам 83то,бакка чыгып алма-орук терип,машинасын зуулдатып айдап журот,раматылык чон атам болсо 87 чыкканга чейин кыбырап эле бирдеме жасап журчу,тируу киши кыймылдаш керек деп...негизи журок ооруга баардык жаштагы адамдар кутуусуз жерден кабылышы мумкун,сак болуш керек.Аксакалдын жаткан жери жайлуу болсун,бейишке чыксын.
+13
chon-alai90
2015-09-13 12:40:52
dubai, уйдогу жумуш менен талаанын айырмасы барда
-1
bolotbai
2015-09-13 09:20:46
Илгер койчуман болсо кой кайтаргысы келгендир.Уйдо жаткандан коро алаксып басып,таза абада болсо керек да.Эми айла жок ажалга,аксакалдын топурагы торко болуп, жаны жаннаттан болсун.
+4
zero.obd
2015-09-13 09:47:32
Кой кайтарбай эле койбойбу деймда, откон иш отту эми, жайы жаннаттан болсун
-1
Aikyn93
2015-09-13 10:03:58
эмне кылаарын билбей каарыгын турбайбы анан кой кайтарып убакыт откоройун десе керекта
+3
kilim
2015-09-13 17:28:05
атан каарыса кул алба дегенго
0
Faina
2015-09-13 22:28:26
Неберелери кошо барбайбы десен жалгыз озун кантип жиберишти.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан