Ажылык сапарда жүргөн кыргыз жараны каза болду

Сауд Арабиясынын Мекке шаарында ажылыктын шарттарын аткарып жүргөн мамлекетибиздин 71 жаштагы жараны каза болду. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты. 
Маалым болгондой, ал 11-сентябрда жума намазына даярданып жатып каза болгон. Анын өлүмүнүн "Аль-Харам" мечитиндеги кырсыкка тиешеси жок. Каза болгон жарандын сөөгү туугандарынын макулдугу менен Сауд Арабиясында жерге коюлат. Ажылык учурунда жубайы жанында болгон.
Эске салсак, 11-сентябрь күнү Сауд Арабиясынын Мекке шаарында нөшөрлөп жамгыр жаап, суунун деңгээли кескин көтөрүлгөн. Жолдорду суу каптап, сел жүрүү коркунучу пайда болгон. Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, мындай окуя сейрек кездешет. Катуу шамалдан улам зым карагайлар жана Каабанын айланасындагы курулуш краны кулап кеткен. 
Акыркы маалыматтар боюнча, "Аль-Харам" мечитине курулуштагы крандын кулашынан каза тапкандардын саны 107ге, ал эми жаракат алгандардын саны 238ге жетти. Набыт болгондор жана жаракат алгандар кырсык учурунда зыярат кылып жатышкан. Алардын көпчүлүгү ажылык сапарга келгендер. 
"Аль-Харам" мечити дүйнөдөгү ири мечиттердин бири болуп саналат.
Меккедеги мечитке крандын кулашы (Нерви жукаларга сунушталбайт)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Miraida2012
2015-09-14 08:48:11
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
+4
Berkmambet
2015-09-14 09:02:23
Аллахым жайын жаннаттан берсин.
+3
sarbo
2015-09-14 09:03:11
кудайым бейишиден берсин,ушундай олум буюрсун
0
aslan_akjol89
2015-09-14 09:19:58
Бизге да Аллахым ушундай олум буюрса экен.
+1
Мэри
2015-09-14 09:44:05
Ажылык сапарында каза болуп, сөөгү ошол жакка коюлушун мен туура эмес эле көрөм. Анткени ар бир адамдын туулган жеринен ыйык эч нерсе жок, ар кимдин туулган жери өзүнө Мисир деп айтылып келет го.Бүт өмүрү өз жеринде өтүп,анан каза болгондо башка жакка коюлуп калса кандай болот... Айрыкча кыргыздар бул нерсеге олуттуу мамиле кылышчу эле го, кандай шартта, кайда каза болсо да сөөгүн туулган жерине алып келип коюшчу эле... Салтыбыз өзгөрдүбү, унуттукпу...
-1
Eraly___
2015-09-14 09:55:44
Жайлары жаннаттан болсун.
+2
eliza5566
2015-09-14 11:04:19
менин жолдошумдун ата энеси да кеткен эле кабатыр болдук
+1
karona
2015-09-14 12:42:42
Кыргызстанга эле алып келишпептир, бала-чака, неберелер, дос-тууган бар. Ал жакта мурзосуно ким барып жоктоп турмак эле?
+1
ishikylsa
2015-09-14 14:44:19
karona, ошо, ушундайларга таң калам, балдары, неберелери, тууган-туушкандары кайсы мүрзөсүнө барып турушат... Жердин түбүнө коюшса...
+2
jazgul80
2015-09-14 16:33:13
Кыргыз кайсы областан болот экен эле. Билгендер барбы. Каза болгондордун жайлары жаннаттан болсун.
0
Aselina_kg
2015-09-14 16:41:45
Жакындарына сабыр тилеймин!
0
sezim_osmonalieva111
2015-09-14 18:05:11
Жаткан жери жайлуу болсун...
0
88inara88
2015-09-14 23:57:37
Аллахтын ыйык жери ошол жака коюлганы жакшы эмеспи,неге каршы болосунар тушунбодум.
0
baba.
2015-09-15 11:43:46
Жаратылыштын адам баласына берген жообу го бул кырсык.Азыркы учурда Ажыга баруу мода сыяктуу эле корунуш болуп калды.Парзын аткарганда бар жон эле коммерция учун барган да бар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан