Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын тергөөчүсү пара талап кылуу боюнча айыпталууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милициянын кенже лейтенанты, М.К. аттуу тергөөчү эки жарандан жол кырсыгы боюнча кылмыш ишин козгобош үчүн 50 миң сом талап кылган. 5-сентябрда ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө тергөөчү аталган суммадагы параны алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Бирок ал кылмыш жасаган жеринен качып кеткен. Ал 7-сентябрда кармалып, ага айып тагылган.
"Учурда тергөөчү СИЗОдо отурат. Тергөө амалдары уланууда. УКМКнын Тергөө башкармалыгы ага карата "пара талап кылуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду",- деп билдиришти мекемеден.