Ош шаарына караштуу Алмалык айылында тоонун ылдый тарабы сүрүлүп, 16 үй-бүлө башка жайга көчүрүлдү

Ош шаарына караштуу Алмалык айылында 13-сентябрь күнү саат 21:00 чамасында тоонун ылдый тарабы сүрүлүп, сел кетүүчү каналга түшкөн. Анын кесепетинен Алмалык айылындагы 16 үй-бүлөнүн турак жайларына коркунуч жараткан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

ӨКМнын Ош шаардык башкармалыгынын куткаруучулары окуя болгон жерге барышып, 16 үйдүн жашоочуларын малы менен кошо коопсуз жайга көчүрүштү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан