Кыргыз-өзбек чек арасында жер титирөө катталды

Бүгүн, 14-сентябрь күнү эртең мененки саат 09:35те өлкө аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер силкинүү катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына таянуу менен билдирди. 

Жер титирөөнүн очогу Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын чек арасында болуп, Найман айылынан 5 чакырым түндүк-чыгышында жайгашты. Жер титирөөнүн күчү Найман айылында 3 баллга сезилди. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан