Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эмчек эмизүү учурунда 2 айлык наристе каза тапты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 9-сентябрда Караколдун тургуну, 1991-жылы туулган К.В. милицияга кайрылып, анын наристеси эмчек эмүү учурунда чакап көз жумганын айтып берди. Анын туугандары соттук-медициналык экспертизаны өткөрүүдөн баш тартышты. Наристенин денесинен эч кандай жаракат табылган жок.