Бишкекте кытайлык жаранды тоногондордун бири 20 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 31-июнь күнү саат 21:30 чамасында борбор калаанын Улан кичи районунда 20-25 жаштардагы азиат түспөлүндөгү белгисиз адамдар аталган жаранга күч колдонуп, 10 500 сомдук уюлдук телефонун алып качып кетишкен.
"Бул факты боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары 20 жаштагы Р.А. аттуу жаран кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмышка шектүүнүн шериктерин издөө иштери жүрүүдө",- деп билдирет мекеме.