Ош шаарында айдоочу 1 жаш 5 айлык карындашын унаасы менен тебелеп алды. Бул тууралуу Ош ШИИББинин басма сөз кызматынан бүгүн, 14-сентябрда билдиришти.
Маалым болгондой, кырсык 13-сентябрь күнү саат 15:00 чамасында болгон. Анда 1992 жылы туулган Ж.У. аттуу тургун үйүнүн алдында токтоп турган өзүнүн Мерседес-Бенц 311 СDI үлгүсүндөгү унаасын артты көздөй айдап, дөңгөлөктүн алдында ойноп жүргөн бир тууган агасынын 2014-жылы төрөлгөн кызын тебелеп кеткен. Наристе айдоочу тарабынан Ош шаардык "Тез жардам" кызматына жеткирилгенде, анын каза болуп калгандыгы аныкталган.