Ошто мас абалдагы айдоочу аял жол-кайгуул кызматкерин тилдеп, погонун жулуп алганы үчүн камакка алынды

Ошто мас абалдагы айдоочу аял жол-кайгуул кызматкерин тилдеп, погонун жулуп алганы үчүн камакка алынды. Мындай маалыматты бүгүн, 14-сентябрда Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Белгилүү болгондой, 12-сентябрь күнү саат 11:00 чамасында Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндө жол кырсыгы катталган. Окуя болгон жерден 1978-жылы туулган А.О. аттуу айдоочу аялдын мас абалда экенин көргөн милиция кызматкерлери анын унаасын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын атайын унаа токтотуучу короосуна жеткиришкен. Жолдо баратканда жогорудагы аял милиция кызматкерин тилдеп, ургулап, кийип турган формасын жыртып, погонун жулуп салган.

Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан бул айдоочу аялга карата КРнын Кылмыш кодексинин 341-беренеси (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
atanchokusu
2015-09-14 21:49:45
Пагонун жулганы учун 3 жылдан 5 жылга чейин абака отургузса анан башка кайталабай калат же болбосо 50 минден 100минге штраф салса айдачуулук куболугун 5жылдан 10 жылга кеске акылы кирип калат
+7
kushbakov87
2015-09-14 23:04:07
ДПС акча пара алып канча адамды какшатып колунан не келет дегендер да бар тура кылыптыр жулуп
-1
kilim
2015-09-14 23:14:50
пагон деген пагон ойноп суйлосон да ойлоп суйло
+1
kytman
2015-09-15 00:24:55
Аял эсиргенде бирди көрөт...кысчуу жерин бекем кысып алып жөн эле айдап жүрө бере бербейби..погонго асылбай..эреже бузбаса жөн эле токтото бербейт да жол кайгуул кызматкери..алар болбосо көрөт элең жолдо эмне кыямат болуп кетээрин..мыйзам дегенди кичине сыйлап коюш керек да..
+6
marmiladka9
2015-09-15 02:17:08
Ошто кобунчо эле аялдар машина айдаса эле озун башкача сезип калышат. Кокус кичине бирнерсе болсо согунуп сагынышып...
+2
jumatone
2015-09-15 02:24:56
Аялдарга права бергенди токтотуш керек!
-4
Deniza88
2015-09-15 13:15:16
jumatone, хе хе.аялдар сени таш баранга алып кетишпесин,абайласанарчы )))
0
Medina87
2015-09-15 05:17:49
Айдоочу аялдыкы дурус эмес. Мас абалында рульга ээ боло албай кырсыкка кабылса кантмек? Закон - баарыбызга бирдей.
+1
edil.kg
2015-09-15 08:25:46
аял кишиге уят ,уят дегенден башка соз айтыш кыйынго
+1
Abdurahman
2015-09-15 08:45:26
Иштин баары аракта,арак ичпесе кырсыктар болот ыраакта
0
Deniza88
2015-09-15 13:13:07
ПАгон,ГАЙИ деп эле))) эми ушу оз тилибизде туура жазсак жакшы болмок ээ)) орган кызматкерине погон жулдурду деген аябааай жаман
+2
Mars55
2015-09-15 15:48:02
дагы бир чондун кызы же ойношуда
+1
Nendi15
2015-09-15 16:51:25
Ушундай аялдар менен жашаган эркекке рахмат
0
nelli
2015-09-15 17:01:26
Комментарий жазаардан мурда толук окуп, тушунуп алып, андан сон жазгылачы бай болгурлар!!! Кырсык болгон сон кармалган деп жазылып турат жогоруда. Окубай туруп эле ГАИлер тиги-бу дей бербестен. Балким ошол аял мас абалында аранардан бироонордун жакынынарды коюп кетсе не дейт эленер? Анда да МАИ кызматкери куноолуубу? Маи кызматкерлери бир кун иштебесин эле жолдо кандай акмактар булгаарын билесинер! Негизги куноо "Осурган кыз осурбаган кыздын бетин аймайт." болгон АЯЛда. УЯТ!
+1
Bektur2
2015-09-15 17:13:18
Админ бул аял кандай жаза алганын билдирип койсонуздар
0
dasta
2015-09-16 18:15:47
закон ес закон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан