Бишкек шаарынын тургунунун тракторун алдамчылык жол менен алып, кайра кайтарып бербей жүргөн жаран кармалды

Бишкек шаарынын тургунунун тракторун алдамчылык жол менен алып, кайра кайтарып бербей жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу 15-сентябрда Чүй ОИИББиден билдиришти. 
Маалым болгондой, Бишкек шаарынын 27 жаштагы тургуну Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылып, Алмаз аттуу өтө жакын эмес таанышы 2015-жылдын февраль айында анын ишеничине кирип, алдамчылык жол менен 30 миң долларга алган тракторун алып, бүгүнкү күнгө чейин кайтарбай жатканын айткан. 
Бул факт боюнча Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмү "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Чүй ОИИББинин кызматкерлери бул боюнча издөө иштеринин натыйжасында кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары 1975-жылы туулган У.А. аттуу Чүй облусунун тургунун кармашкан. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан