Американын Луизиана штатынын 60 жаштагы тургуну музыка талашынан улам үйүндө үч кошунасын өлтүрүп, андан кийин өз өмүрүнө кол салды. Окуя 13-сентябрь күнү шаар четиндеги Батон-Ружа аймагында орун алганын чет өлкөлүк басылмалар жарыялашты.
Маалым болгондой, төрт кошуна биринин үйүнө кирип футбол көрүп, музыка угуп жатышкан. Бир убакта музыка талашып уруша кетишкен. 60 жаштагы үй ээси 57, 55 жана 51 жаштагы кошуналарын аткылап салган. Андан соң колундагы тапанчасы менен өзүнө ок чыгарып, мерт болгон.
Полиция окуя болгон жерге барып, жергиликтүү убакыт боюнча саат 00:30да аталган аймактагы үйлөрдүн биринин ичинен алардын жансыз жаткан денелерин чыгарган. Башка кошуналары полицияга үй ичиндеги ызы-чууну жана атылган октордун үнүн угушканын айтып беришкен.