Чүй облусунун Жайыл районунда жол кырсыгынан улам 50 жаштагы айым набыт болду. Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, окуя 13-сентябрда саат 20:00 чамасында Бишкек-Чалдыбар унаа жолунун 55-чакырымында орун алган. Айдоочу автоунаасы менен айымды сүзүп, качып кеткен. Катуу жаракат алгандан улам 50 жаштагы Полтавка айылынын тургуну ошол жерден каза тапкан.
"Милиция кызматкерлери айымды сүзгөн 35 жаштагы айдоочуну кармашты. Ал убактылуу кармоочу жайга отургузулду. Учурда экспертиза иштери жүрүүдө",- деп билдиришти мекемеден.