УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө “Аскер-курулуш” мамлекеттик ишканасынын (кийин милдетин аткарып жаткан) башкы директору К.К. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын өкүлүнө 10 миң доллар пара берип жатканда кармалды. Бул тууралуу 15-сентябрда аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, ишкана директору К.К. Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерине бир канча аскердик объектилерди курууда бузуу фактылары табылганы боюнча текшерүүлөрдү токтотуш үчүн 10 миң доллар өлчөмүндөгү параны сунуштаган.
2015-жылдын 11-сентябрында тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында К.К. 10 миң доллар өлчөмүндөгү параны берип жатканда далилдер менен кармалган.
10-сентябрда бул факт боюнча УКМКнын Тергөө башкармалыгы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренесине (пара берүү) ылайык кылмыш ишин козгогон.
Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы маалда тергөө иштери жүрүп жатат.