Ошто жасалма акча менен эки жаран кармалды

Ошто август айында жасалма акча сактоого шектелип Казакстандын жараны кармалган. Анын жанынан 500 доллар жасалма акча каражаты табылган. Кийинчерээк ушул кылмышка катыштыгы бар делип Ош шаарынын 22 жаштагы жашоочусу М.А. колго түшүрүлгөн. Текшерүү учурунда андан 400 доллар жасалма акча табылган. Бүгүнкү күндө алардын үстүнөн 5 адам арыз менен кайрылды. Бул тууралуу 15-сентябрда Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Милицияга кайрылгандардын көпчүлүгү соодагерлер. Кылмышка шектүүлөр "жаңы эле Орусиядан келдик, кыргыз сому бизде жок" деп долларды алмаштырып алышкан. Кээде жасалма доллар менен соода кылышкан. Кармалгандар тергөө абагына киргизилишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан