14-сентябрда кыргыз-казак чек арасындагы “
Ак-Тилек-унаа жол” өткөрмө пунктунан башка бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет жасаган Кыргыз Республикасынын
1963-жылы туулган Б.Д. аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу 15-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Ал Кыргыз Республикасынын аймагынан Казакстанга өтүүгө аракет кылган. Керектүү документтер толтурулган соң тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.