Жалал-Абад облусунда ири көлөмдөгү баңгизатты сатуу аракетин жасаган студенттер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын (БКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар баңгизатты Токтогул районунан борбор калаага ташып сатуу менен алектенишкен. БКМКнын кызматкерлери ыкчам иликтөө амалдарын жүргүзүп, Токтогул районунда баңгизатты сатуу-алуу аракети пландалып жатканын аныкташкан.
"13-сентябрда түнкү саат 01:00 чамасында Үч-Терек айылынан үч адам кармалды. Алардын жанынан 2 килограмм баңгизат табылды. Кармоо учурунда алар качууга аракет кылып, бирок колго түшүрүлгөн. Кармалгандардын экөө 20 жаштагы жана бири 21 жаштагы балдар, Бишкектеги жогорку окуу жайдын студенттери экени аныкталды",- деп билдирет мекеме.