Ош шаарында милиция кызматкерлери 18 жаштагы кызды Түркияга сексуалдык кулчулукка алып кетүүдөн сактап калышты. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 1996-жылы туулган Ноокат районунун тургуну жана анын шериги Ош шаарында 18 жаштагы кыз менен таанышып, ага Түркияда жакшы төлөнүүчү жумушка орноштуруп берүү жардамын сунушташкан.
"Алар Оштогу аэропорттон кызды жөнөтүү учурунда кармалышты. Демилгечиге карата "адам сатуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми кулчулукка кете жаздаган кыз туугандарына тапшырылды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат",- деп билдирет басма сөз кызматы.