Бүгүн, 15-сентябрда Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмү Улуттук гвардияда кызмат өтөп жатып качып кеткен жоокерге издөө салды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Ысык-Ата РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, аталган райондогу Нурмамбет айылынын 1995-жылы туулган Мирлан Дүйшөнкул уулу аттуу тургуну Улуттук гвардияга кызматка чакырылып, бирок 1 жыл мурун качып кеткен. РИИБ издөөгө алынган жарандын жүргөн жерин көргөн-билгендер болсо, 102, (0312) 61-69-07, (0701) 23-00-33 телефон номурлары аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.