15-сентябрь күнү Таш-Көмүр шаарында саат 18:30 чамасында 2006-жылы туулган Жамшитбек Юлдашев аттуу шаар тургуну тоодон тайгаланып кулап кетип көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан 16-сентябрда билдиришти.
ӨКМнын Таш-Көмүр шаардык №2-издөө-куткаруу отрядынан 6 куткаруучу издөө иштерин жүргүзгөн. Натыйжада өспүрүмдүн жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.