Жалал-Абад – сенин күнүң,
От болуп жанып турат,
Жалындап мына бүгүн”,- деген ыр саптары менен 15-сентябрда жалал-абаддык шайлоочулар алдында амандашкан Наталья Никитенко облустан чыккан мыкты инсандар, саясатчылар, коомдук ишмерлерди санап, облустун өлкөнүн экономикасына, cаясий-социалдык абалына кошкон салымы чоң экенин белгиледи. "Ата Мекендин" маалымат кызматынын билдиришинче, талапкер: “Ата Мекен” эл үчүн турат бекем” деген лозунгда айтылгандай, 5 жыл бою ак дилден иштеп келдик. Келе жаткан 5 жылдыкта да сиздер үчүн таза иштеп беребиз. Эң ириде биздин партия - Кыргызстанда социалдык багыттагы мамлекетти курууну өз милдети катары тандап алган заманбап жана тажрыйбалуу партия. Биз эч убакта мамлекеттин келечеги жана жаңы Кыргызстан үчүн жоопкерчилик алуудан корккон эмеспиз. Өлкөнүн келечеги кимге кымбат болсо, биз менен бирге болууга чакырабыз”,- деди.
Ошондой эле талапкер “Ата Мекен” чынчыл, таза, адилеттүү, профессионалдуу адамдар менен толукталганы тууралуу айтып, алдыда ири милдеттер тургандыгын жана Кыргызстандын пайдубалын чыңдоо, элдин жашоо-тиричилигин жакшыртуу партиянын ыйык милдети экендигин кошумчалады.
Соңунда “Ата Мекен” улуу милдетти аткарууда шайлоочуларына ишенерин айтып, партияны колдоого чакырганы белгиленет маалыматта.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.