Чүй облусунда 40 жаштагы адамдын өлүмүнө шектелип 21 жаштагы жигит кармалды

Чүй облусунда 40 жаштагы адамдын өлүмүнө шектелип 21 жаштагы жигит кармалды. Мындай маалыматты бүгүн, 16-сентябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы жарыялады. 

Белгилүү болгондой, 12-сентябрда Аламүдүн райондук милициясына адам өлтүрүү туурасында билдирүү келип түшкөн. Ыкчам иликтөө тобу Беш-Күнгөй айылындагы үйлөрдүн биринен 40 жаштагы Д.С. аттуу Бишкек шаарынын тургунунун бычакталган денесин тапкан. Бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар өткөрүлгөн.

"Аламүдүн РИИБи бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоп, кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган А.У. аттуу Чүй облусунун тургунун кармады. Алдын ала маалыматтар боюнча, киши өлтүрүү бири-бирин жек көрүүдөн келип чыккан. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө",- деп билдиришти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан