“Ислам мамлекетинин” видеосунан улам таасирленген даниялык 15 жашар кыз өз энесин бычактап салды

"Ислам мамлекети" террордук тобунун интернет баракчаларында таратылган видеолорунан улам таасирленген 15 жашар даниялык кыз өз энесин бычак менен сайып өлтүрдү. Үрөй учурган мындай маалыматты бүгүн, 16-сентябрда чет элдик маалымат булактары кабарлашты.

Маалым болгондой, энесин өлтүрүүгө бел байлаган кызга 29 жаштагы Ирактан келген жигити көмөктөшүп, күнөөсүз энеге 20 ирет бычак сайышкан. "Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 15 жашар кыз бир канча саат “Ислам мамлекети” тараткан видеолорду көргөнү аныкталган. Өз энесин өлтүргөн соң кыз полицияны чакырып, окуя боюнча айтып берген. Полиция келген маалда ал чөнтөк телефонунан оюн ойноп, видео көрүп жаткан.

Сот өспүрүм кызды 9 жылга эркинен ажыратуу буйругун чыгарды. Ал эми бул окуяга катышкан кыздын жигити Мухаммед Абдулла 13 жылга кесилди",- деп жазышты басылмалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Kunbeken
2015-09-16 14:02:26
Булар камалып апасын олтуруп эле тим болбой эн таза, эн чон дин ИСЛАМ динин атын да булгаптыр. "Чала молдо дин бузар"
+2
Sake80
2015-09-16 14:03:17
Илгери кишилер куноо иш кылганда шайтанга шылтап коюшат эле,шайтан азгырды деп.Азыр исламга шылтай башташканбы
+2
Mars55
2015-09-16 14:19:00
тан калбай эле калдым бизде да кунуго ушундай олумдор
0
Begim_4
2015-09-16 14:28:11
Катардагы динди каралоо!
0
Parish
2015-09-16 14:33:29
Бул кыз ооруулу(шезофренник)
озунун жазаган нерсесин билбейт.
Соо кыз андай жолго барбайт.
+1
briliant87
2015-09-16 15:35:52
Ушундайда болобу?
0
zhayna
2015-09-16 15:47:14
озу менен кетсин дейли
+1
kilim
2015-09-16 16:12:08
бул динди каралоо
0
Nur1k_
2015-09-16 17:49:43
Баягы эле ислам динин күнөөлөмөй Пфф...
0
nurik2103
2015-09-16 18:17:52
Бул жон еле каралоо, мен ал видеону көргөн емесминго бирок ошол жерде апаны өлтүрсөн жыргайсын дептирби не
0
baha88
2015-09-16 21:07:32
Кайда карасан мусулмандарды жамандаганы жамандаган
+1
Zarema94
2015-09-16 22:45:32
Кудай сакта!
0
Eureka
2015-09-17 09:21:14
Исламда эненди олтур деп айтылган эмес. Хадистерде айтылган биринчи кимди сыйлоо керек деп уч жолу суралганда да пайгамбарыбыз (салаваттар болсун)Энени деп жооп берген.
+1
Eli75
2015-09-17 10:06:33
Ушул террорист тобунун "Ислам мамлекет" деп аталышы эч жакпайт. Башы жок манкурттар мамлекети десе туура болмок. Биздин динди каралаганы учун аларды жана алардын жолун жолдогонлордун Кудайым озу жазасын берсе экен.
0
manas93kg
2015-09-17 20:11:36
Begim_4 сага 100% кошулам туптууру айтын динге тонкоп атат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан