Чүйдө атасы тарабынан катуу сабалган 1 жашар бала эсин жоготуп, өзүнө келе албай жатат

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 1 жаш 1 айлык бала атасы тарабынан сабалып, эс-учун жоготуп, өзүнө келе элек. Мындай маалыматты бүгүн, 16-сентябрда SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Белгилүү болгондой, бүгүн саат 05:00 чамасында нөөмөт бөлүмүнө баш мээси чайкалган жана денесинин ар кайсы жеринде гематомасы бар 2014-жылы төрөлгөн наристе №3-балдар ооруканасына түшкөндүгү туурасында билдирүү келген.

Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө сабалган наристенин атасы 1988-жылкы, ал эми энеси 1995-жылкы экендиктери аныкталган. Баланын апасынын берген көрсөтмөсү боюнча, кечээ саат 21:00 чамасында күйөөсү мас болуп келип аялы менен баласын сабап салган. Учурда наристенин атасы окуя боюнча сурак берүүдө. Ал эми наристе дагы эле өзүнө келе элек. Бул боюнча соттук-медициналык экспертиза даярдалууда.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Izdeim_seni.
2015-09-16 16:45:11
Ужас,ужас.
0
EdikoKG
2015-09-16 16:47:14
Эркек болбой ХХХ.
0
bermet104
2015-09-16 16:47:16
Алланын наалаты болсун жаш балдарга зомбулук көрсөткөн ХХХ. Ошондой эле күчү ашып атса өзү теңдүү бирөөнө барбайбы ХХХ
0
admin_media
2015-09-16 16:52:53
bermet104, EdikoKG, Mars55, medina., этика нормаларын сактоону сунуштайм! Азырынча оозеки эскертүү!
0
kama_future_millioner
2015-09-16 17:05:03
Бирөөлөр балага заар, бирөөлөр минтип коордоп. Ээх
0
janna83
2015-09-16 17:25:12
Ай кудай ай баланы дагы ошончо сабайбы мээси жайында эмес го...
-1
Arzu.kg
2015-09-16 17:31:42
Соо кезинде жанын чыгара сабап, тепкилеп олтуруш керек мындайларды бир жашар баланы да киши сабайбы? Акмак!!!
0
dasta
2015-09-16 17:50:06
жараткан озу сактасын мындай зокурлордон аракты тойо ичкенго келесо
0
briliant87
2015-09-16 17:50:44
Бу не деген мыкачылык.
0
Deniza88
2015-09-16 18:04:20
Мынча мыкаачы калк эркектер ........
0
Alina1984
2015-09-16 18:08:20
Убалы уктатпасын!!!
0
siezd
2015-09-16 18:15:21
менимче аялын сабап атканда бала ыйласа аны да сабап салган окшойт кээ бир кок мээ эркектер бар уй булонун кадырын билбей уруп сабагандар. Баласы сакайып кетсин эми
+1
Nurtilek001
2015-09-16 21:54:36
Акмак экен
0
deva
2015-09-17 10:19:25
Бүт нерсе ушу арактын айынан болуп жатат!Ушул аракты чыгартпай эле коюшпайбы...
0
samira8589
2015-09-17 17:14:47
Наристелер коп жабыр тартууда. Токмок жеп, Россияга таштап кетип ата -эне мээримин корбой
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан