Бишкекте 5 жашар бала изделүүдө

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы 2010-жылы туулган Мухаммед Акпаралиевге издөө жарыялады. Бишкек ШИИББинин маалыматына таянсак, Мухаммед 15-сентябрь күнү саат 12:00 чамасында үйүнөн көчөгө ойноп келүү үчүн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. 

Баланын үстүндө жашыл түстөгү футболка, астында кара түстөгү спорттук шым болгон.

Мухаммед Акпаралиевди көргөн-билгендер (0 312) 43-28-15, (0 550) 10-28-72, (0 551) 10-28-05, (0 557) 20-12-68, (0 709) 24-24-83 телефон номерлери аркылуу байланышса болот. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет жана сүйүнчүсү бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Uli6886
2015-09-16 16:56:35
тынч аман эсен тезираак табылып калсын Ата-Энесин кыжаалат кылбай ооомин!!!
+3
kachy0212
2015-09-16 17:24:35
Жакшынакай бала экен коруп алып журогум ооруп жатат батырак табылып калсын
+1
Decmond
2015-09-16 17:27:42
Аман эсен табылып калса экен???
+1
nura.177
2015-09-16 19:43:08
Жараткандын жардамы мн эсен аман ата энеси таап алышсын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан