Чүй облусунда атасы тарабынан катуу сабалган 1 жаш 1 айлык баланын абалы туруктуу

Чүй облусунун Аламүдүн районунда атасы тарабынан катуу сабалган 1 жаш 1 айлык баланын абалы туруктуу. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 16-сентябрда SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Белгилүү болгондой, Чүй облусунун Аламүдүн районунда күйөөсү менен аялынын чыр-чатагынан 1 жаш 1 айлык баласы жапа чеккен. Ошондой эле аял өзү да жабыркап ооруканага түшкөн.

Бүгүн саат 05:00 чамасында нөөмөт бөлүмүнө баш мээси чайкалган жана денесинин ар кайсы жеринде гематомасы бар 2014-жылы төрөлгөн наристе №3-балдар ооруканасына түшкөндүгү туурасында билдирүү келген.

Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө сабалган наристенин атасы 1988-жылкы, ал эми энеси 1995-жылкы экендиктери аныкталган. Баланын апасынын берген көрсөтмөсү боюнча, кечээ саат 21:00 чамасында күйөөсү мас болуп келип аялы менен баласын сабап салган. Учурда наристенин атасы окуя боюнча сурак берүүдө. Ал эми наристенин абалы туруктуу. Ошондой эле бул урушта баланын апасы да жабыркап ооруканага кайрылган. Бул боюнча соттук-медициналык экспертиза даярдалууда”,- дешти басма сөз кызматынан.    

Буга чейин аталган мекеменин маалымат кызматынын кызматкери наристе атасынын ур-токмогунан улам эс-учун жоготуп, өзүнө келе электигин билдирген эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
anjela500
2015-09-16 18:53:42
Балага зар болгурлар
+2
kopiko
2015-09-16 19:42:31
Эхх!! балага тойгондор,
0
AiBoru
2015-09-16 21:40:07
Наристеде эмне куноо. Кичинекейге ур токмок эмес, катуу соз же жаман коз менен кароону ыроо кылбайбыз го.
Кай бироолор балага зар болуп журушсо
+1
aidai88
2015-09-16 22:59:30
Заман эмес адамдар эмне жолго бара жатышат тооба кылдым,жашбалдарды уруп жаткан,олтуруп жаткан,зордуктп жаткан.Кимдир бироого зар дуйно,кимдир бироого кар дуйно.
0
nurzada78
2015-09-17 02:00:03
Акыр замандын адамдары акыл-эсинер менен болгулачы,айланайындар!
-1
bek040295
2015-09-17 08:05:50
Эмнени кыйратып койгонуна ичет деймда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан