"Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын мүчөлөрү Кемин районунун жашоочулары менен жолугушту. "Өнүгүү-Прогресстин" маалымат кызматынын билдиришинче, партия төрагасы Бакыт Төрөбаев: “Биз Кемин өрөөнүндө бир канча оорукана палаталарын оңдоп, сырдап заманбап эмерек, телевизор, муздаткычтар менен жабдыдык. Жаштардан 12 миң адам бизнес-план ишин үйрөнүштү, 5 миңи чет тилин үйрөнүштү, шаарлардын короолорун жарыктандырдык. Биз айыл чарбасын көтөрмөйүн, бутка турушубуз кыйын, 24 жылдан бери көп сөздөр айтылды, бирок ишке ашкан жок.
"Өнүгүү-Прогресс" партиясы - убаданын партиясы эмес, иштин партиясы. Биз Кемин өрөөнүнө МТС (машина-трактордук станция) ачабыз, мал чарбасынын салыштырмалуу сапатын жогорулатуу үчүн МТСтин тегерегине ветеринардык пункттарды жана дарыканаларды ачып, айыл чарба өндүрүшүнө 7 пайыздык насыя беребиз. Аймактын жашоочуларынын кирешесин 3-4 эсе көбөйтөбүз, бизге Бажы биримдигинин 200 миллион калктуу базарынын ачылышы менен экологиялык таза азыктарыбызды сатканга мүмкүнчүлүк болот. Мен сиздерге ачыгын айтайын, тапкан акчаларыма чет өлкөлөрдөн ресторан, фабрика ачкан эмесмин, бардык тапкан каражаттарымды мекендештеримдин жашоо деңгээлин көтөрүүгө бердим. 4 октябрь - шайлоо күнү “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясын шайлаңыздар”,- деп кайрылды шайлоочуларга.
Жолугушууга келген Орловка шаарынын тургуну Айнаш Шарипова жашаган шаарынын бузулган жолдорун, жумушсуздук маселелерин айтып: “Мен 25 жыл мурун мугалим болуп биринчи жолу Орловкага келгеним эсимде, анда шаар абдан кооз болчу. Бул жерде өндүрүш мекемелери иштечү, "Орлов" тоо-кен комбинатына тажрыйба алуу үчүн бүткүл СССРдин адистери келишчү. Бизде “Алтын-Кен” алтын иштетүүчү компаниясы да бар, бирок азыр аны кытай бизнесмендери иштетишет, алар биздин жергиликтүү калкты жумушка көңүлсүз алышат. Ошондон улам биздин жаштар айласы жок Орусия, Казакстанга жумуш издеп кетишүүдө.
“Өнүгүү-Прогресс” партиясы жаштардан, жаңылардан, максаты бар балдардан болгондуктан, биз бул шайлоодо өзүбүздүн Улан Бакиров деген өкүлүбүздү Кеминден көрсөттүк. Мен Улан Бакировдун жоопкерчиликтүү, акылдуу, шыктуу экенин мектеп жашынан бери билем. Ал “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын татыктуу талапкери, өкүлүбүз биздин кызыкчылыгыбызды коргоосу үчүн жердешибизди колдойлу. Бул партиянын курамы Улан жигитибиздей жаштардан турат эмеспи, алар элдин арасында жашап келгендиктен, элдин көйгөйлөрүн жакшы билишет. Ошондуктан биз өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, жумуш орундарынын түзүлүшүнө, айыл чарба системинин жаңылануусуна үмүттөнөбүз”,- деп билдирди.
Партиянын өкүлдөрү мындан кийин да элге кызматтарын көрсөтөрүн билдиришкени айтылат маалыматта.
"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын катар номери - "8".
Материал "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.