Иран Израилге жаңы ракеталык сокку урду (видео)

Израилдин Коргоо күчтөрү бейшемби күнү эртең менен ирандык ракеталардын жаңы толкуну өлкөнү көздөй багыт алганын билдирди.

Ракетага каршы коргонуу системи коркунучту алдын алуу үчүн иштеп жатканын белгилеп, өлкө боюнча сиреналар иштетилгенин маалымдаган.

Ошол эле учурда Израилдин маалымат каражаттары Ирандын ракетасы Израилдин түштүгүндөгү Беэр-Шева шаарындагы ооруканага түз тийгенин кабарлашты. Келтирилген зыяндын көлөмү азырынча тактала элек, бирок имаратка олуттуу зыян келтирилгени айтылууда.

The Times of Israel гезитинин жазганына караганда, Беэр-Шевадан тышкары, Ирандын ракеталык соккулары Тель-Авивде, Рамат-Ганда жана Холондо да катталган.

Ирандын Fars агенттиги Тегеран бир нече саат мурун Израилди көздөй учкучсуз учактарды учурганын маалымдады.

19.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан