Кара-Балта
шаарынын Железнодорожная көчөсүндөгү Ауди-С4 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу 17-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Кырсыктын кесепетинен үй ээсинин 1990-жылы туулган Алексей Лоза аттуу баласы денесинен жеңил күйүк алып, Кара-Балта шаарындагы аймактык ооруканага жеткирилген. Унаанын күйүп кетишине электр
жабдууларын пайдаланууда техникалык эреженин бузулушу себеп болгон.