Чилиде болгон катуу жер титирөөдөн 2 адам каза болуп, 15и жаракат алды

Чили өлкөсүндө болгон катуу жер титирөөдөн 2 адам каза болуп, 15и жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. 

Белгилүү болгондой, жаратылыш кырсыгы 16-сентябрь күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:45 чамасында катталган. Жер титирөөнүн күчү биринчи ирет 8,4 балл болсо, андан кийин дагы кайталанып, күчү 6,2-6,4 баллга жеткен. Анын күчүнөн үйлөр чайпалгандыктан, миңдеген тургундар көчөгө чуркап чыкканга мажбур болушкан. Жер титирөөнүн очогу Канела-Баха аймагынан 42 чакырым алыстыкта, Ильяпель шаарынан 54 чакырым, Чилинин борбору Сантьяго шаарынан 229 чакырым алыстыкта болгон.  

Мындан улам Тынч океан толкуп, Чили мамлекетинин жээктерине коркунуч жаратышы мүмкүн. Буга байланыштуу Чили бийлиги ага жакын жашаган калкты коопсуз жайларга көчүрүүдө.

Чилидеги жер титирөө тууралуу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tynara81
2015-09-17 11:16:14
Жараткан айттырбай келген кырсыктардан сактасын! Кыргызстанда да 7-9 балл жер титирөө болушу мүмкүн деген кабарды окугандан бери көңүлүм тынч эмес..
0
Kunbeken
2015-09-17 14:33:00
Кудай сактасын тилсиз жоодон(табият кырсыктарынан)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан