Аламүдүн районунда 1 жаш 1 айлык баласын жана аялын сабап салган жаранга кылмыш иши козголо элек. Бул тууралуу
SUPER.KG'ге Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан 17-сентябрда билдиришти. Чүй ОИИББинин басма сөз кызматкери учурда бул факт боюнча материалдар топтолуп жатканын жана жаран мас абалда аялы менен баласын сабап салганы аныкталганын айтты.
Эскерте кетсек,
1988-жылкы жаран 15-сентябрда үйүнө мас болуп келип, аялын жана 1 жаш 1 айлык баласын сабап салган. Анын кесепетинен аялы менен баласы ооруканага жаткырылган.