“Ар бир үй-бүлөдө уруштар болот, бирок баламды сабаган эмесмин”,- деди бүгүн, 17-сентябрда SUPER.KG порталына “1 жаш 1 айлык баласын жана аялын сабаган” деп шектелген жаран.
“Милиция жыйынтык топтош үчүн мага “баланы сабады” деген айыпты тагып, уулумду ооруканага жаткырып койду. Бирок мен аны урган эмесмин. Күйөөсүн кызганбаган аял болбосо керек. Кызганычтан улам ар бир үй-бүлөдө уруш-талаштар болуп турат”,- деди кылмышка шектүү.
Айта кетсек, 1988-жылы туулган Аламүдүн районунун тургуну "15-сентябрда үйүнө мас болуп келип, аялын жана 1 жаш 1 айлык баласын сабап салган" деп шектелүүдө. Анын кесепетинен аялы менен наристеси ооруканага жаткырылган.