Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп айылында үйүнө кирип барып күйөөсү менен аялын балта менен чапкылап өлтүргөн 1998-жылы туулган эки өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 14-сентябрда түн ичинде эки өспүрүм аталган айылдын тургундары: 1951-жылы туулган Айдарбек Байбоков менен 1953-жылы туулган жубайы Жумагүл Жороеванын үйүнө кирип, аларды мыкаачылык менен ур-тепкиге алып, алтын буюмдарын, уюлдук телефондорун, 100 миң сомго жакын акчасын жана короосунда турган Ауди А6 унаасын айдап кетишкен. Жубайы алган жаракатынан улам ошол жерден каза болуп калган. 15-сентябрда кошуналары милиция чакырышкан.
Милиция ал жайга келип, үйдүн ичинен аялдын жансыз денесин жана оор жаракат алып, эс-учун жоготуп жаткан үй ээсин көрүп, кылмышкерлер экөөнүн тең башына балта менен чапканын аныкташкан. Андан кийин үй ээси ооруканага жеткирилип, бир канча сааттан кийин өзүнө келе албай көз жумган.
Шектүүлөр кылмыш ишин жашыруу максатында Бишкек шаарына качып кетишкени издөө иштеринин натыйжасында антыкталган. Алар 16-сентябрда "Ош базарына" жакын жердеги үйлөрдүн биринде жашынып жаткан жеринен кармалышкан. Кармоо учурунда жанынан каза болгон жарандарга таандык буюмдар табылган. Ал эми унаасын Каракол шаарындагы автобекетке токтотуп коюшкан. Ошондой эле сурак учурунда эки өспүрүмдүн өздүгү аныкталып, экөө тең Түп районунан экени белгилүү болгон. Жыйынтыгында жасаган кылмыш ишин моюндарына алышты. Ал эми алардын бири шаарда жашап, унаа жуучу жайда иштеп келген болсо, экинчиси айылда жашап, буга чейин мал уурулукка шектелип издөөгө алынганы белгилүү болду.
Учурда тергөө иштери башталды.