Беларустун күч органдары "Алманбет Анапияевдин өлүмүнө тиешеси бар" делген жаранды издөөдө. Бул мамлекеттин ИИМинин басма сөз кызматы жарыялаган маалыматында ушул жаран көрсөтүлгөн сүрөттөр жана видео тиркелген.
Эске салсак, 18-февралда Беларустун массалык маалымат каражаттары Алманбет Анапияевдин жансыз денеси Минск шаарындагы унаа токтотуучу жайлардын биринен кымбат баалуу унаанын багажынан мууздалган абалда табылганын жазышкан. Ошондой эле жансыз дененин жанында Анапияевдин сүрөтү чапталган Алмазбек Шакиров Мийзамовичтин атына берилген паспорт да болгон.
ИИМ сүрөттөгү адамдын өздүгүн тактап жатат, анын кылмыш боюнча маалыматтары болушу мүмкүн. Муну менен катар мекеме сүрөттөгү адам жана Анапияевдин өлүмү боюнча кандайдыр бир маалыматы болгон жарандарды 8-017-218-79-35, 8-029-232-63-05, 8-029-623-66-70 номурларына чалып билдирип коюуну суранат.