Бишкекте мектеп окуучуларынын ортосундагы бычакташуу кандай болгону тууралуу бир версия айтылды

Бүгүн, 17-сентябрда Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Шейшенкул Бакиров Ш.Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдин республикалык окуу жайынын жетекчилиги менен бул спорт мектебинин окуучуларынын катышуусундагы мушташуу боюнча жыйын өткөрдү. 

Иш-чарада окуу жайдын директору Муратбек Кыбраев кечээ, 16-сентябрда кечинде болжол менен 4 окуучу окуу жайдын жанындагы интернет-клубга 20-30 мүнөткө ойноо үчүн барышканын айтты. "Окуучулардын аркасынан белгисиз балдар киришип, аларды сыртка чакырышкан. Ал балдар биздин окуучуларыбызды башка балдар менен алмаштырып алышы мүмкүн. Алар окуучуларыбызды ур-токмокко алып башташканда, төртөөнүн бири качып кетүүгө үлгүрүп, окуу жайга чуркап келген. Мушташуу болгон жерге кайра келгенде, үч окуучу бычактан жаракат алганын байкаган. Ал эми белгисиз балдар качып кетишиптир",- деди Кыбраев.

Спорт мектебинин директорунун айтымында, учурда жаракат алган окуучулар ооруканада дарыланышууда, алардын абалы канааттандырарлык. "Окуучулар мушташты биринчи башташты" деген маалыматтар чындыкка туура келбейт. Мурдагы окуучулар жана бүтүрүүчүлөр ал мушташка катышкан эмес",- деп кабарлады М.Кыбраев.

Айта кетсек, бул иш боюнча соттук-медициналык жана тийиштүү экспертизалар дайындалды. Азыркы учурда бул окуя тууралуу Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nur_Iman
2015-09-17 17:03:40
Каяктагы жомокту айтып атат, "сыртка чакырыптыр, алмаштырып алыптыр,туура эмес коруп алышыптыр, карангы болучу,бла бла.... райондо жашагандын баары эле билет,,интернаттын балдары кандай экенин.
+1
Nur_Iman
2015-09-17 17:09:55
Кантип эле жонокой бала спортчуга тийише калсын тем более инкуб болуп атса, иштин баары тескерисинче болгон, инкубдар акча сурашкан, азыркы убакта каны кайнап турган жаштар жон турбай жооп берди, жыйынтыгы ушундай болду да.
+1
Beka1986
2015-09-19 00:06:12
Инкуб синкубдун кандай тиешеси бар,интернет клубка ойноо учун барышкан деп жатат,конул буруп окугулачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан