Түштүк Суданда күйүүчү май ташыган унаа жарылып, 100дөн ашуун адам мерт болду жана 50 чакты адам жаракат алды

Түштүк Суданда күйүүчү май ташыган унаа жарылып, 100дөн ашуун адам мерт болду жана 50 чакты адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда кечке жуук чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты. Кырсык 16-сентябрда эле болгон экен. 
Маалыматтарда айтылгандай, май ташыган унаа кырсыкка кабылып, бир жак капталы менен кулап калганда эл төгүлүп жаткан күйүүчү майды идиштерге куюп алууга аракет кылган. Ошол учурда биринин тамекисинин чогу түшүп, өрт чыгып, унаа жарылып кеткен. Жыйынтыгында анын кесепетинен 100дөн ашык адам каза болуп, 50дөй адам оор жаракат алган. Оор жаракат алгандарды дарылоого өлкөдө керектүү медициналык жабдыктар болбогондуктан, жаракат алгандардын арасында да каза болуп жаткандардын саны өсүп баратканы айтылды. 
Түштүк Судан дүйнөдөгү мамлекеттердин ичинен эң эле кедей жана кооптуу өлкө катары саналып келет.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
suhrab.kg
2015-09-17 22:37:18
Жакшы иш болбоптур жайлары жаннаттан болсун.
0
manas_skf
2015-09-18 02:04:16
Аа бензин куюп алалы деп жатып.Кырсык каш кабактын ортосунда деген ушуда!
0
B.B.Sadykov
2015-09-18 02:38:17
Tameki ozu jaman nerse. Allah tyygan nerselerden alys ele boluw kerek. Benzinge bargandar da biroonun ookatyna koz artkan adamdar eken da. Kantse da allah jaylaryn jannattan kylsyn
+2
MAN-CITY
2015-09-18 03:23:40
Тамеки чеккен кишинин круп сындыр тишини
0
jasgul
2015-09-18 13:22:35
MAN-CITY, олуп калыптыр эми кантип уруп сындырасын
0
MAN-CITY
2015-09-18 14:54:35
jasgul, бул баардык тамеки чеккендерге тийиштуу
0
torik2292
2015-09-18 08:32:10
Ошондуктан тамеки тартканды таштат керек.
0
torik2292
2015-09-18 08:36:26
Бензин тогулуп жатса ошол жерге барып тамеки тарткан адамдын да меси жетпепптир да канчалык кооптуу екени.
0
karona
2015-09-18 13:16:13
Сагызган сактыгынан эмес суктугунан олот деген ушул экен да...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан