Ысык-Көл районунда Чоң-Ак-Суу суусуна 22-июлда агып кеткен жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу 18-сентябрда ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, балыкчылар 17-сентябрда 1962-жылы
туулган Казакбай Асанкожоевдин жансыз денесин көрүшүп, куткаруучуларга кабарлашкан. ӨКМнын №31-Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Асанкожоевдин жансыз денесин суудан
табышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.