Кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет жасаган жаран кармалды

16-сентябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Мамай айылында "Ала-Бука" чек ара отрядынын чек арачылары мамлекеттик чек араны бузган жаранды кармашты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, ал Кыргыз Республикасынын аймагынан Өзбекстанга өткөрүү жайынан тышкары жерден кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган. Анын жанында өздүгүн тастыктаган документтери болгон эмес.

Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан