Орусияда исламдын туура эмес агымын колдогонуна өкүнгөнүн айткан кыргыз жаранын коё беришти

Орусиянын Якутия Республикасында "Таблиги Жамаат" эл аралык диний уюмунун мүчөсү - кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда күч түзүмдөрүнө шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, кыргыз жараны быйыл Якутскка жумуш издөө максатында келген. Буга чейин ал Индияда жарым жыл болуп, "Таблиги Жамаат" уюмунун мүчөлөрү менен таанышып, тажрыйба алмашып жүргөн. Мындан тышкары ал мекенинде исламдын радикалдуу түрлөрүн жайылтуу боюнча үгүт жүргүзгөн. Орусиянын күч түзүмдөрү анын Якутияда экстремисттик идеологияны жайылтууга ниеттенгенин аныктаган.

"Суракта кыргыз жараны экстремисттик уюмга тиешеси бар экенин жана Якутияда кылмыш жасоого ниеттенгенин, бирок бул планын ишке ашыра албаганын билдирди. Прокуратура анын өкүнгөнүн жана исламдын экстремисттик түрүн катачылык менен кабыл алганын туура түшүнүп, ага эскертүү берип коё берди. Эгер кыргыз жараны мындан кийин укукка каршы аракетин жасаса, кылмыш жоопкерчилигине тартылмакчы",- деп жазышты басылмалар.

Айта кетсек, аталган экстремисттик уюм дүйнөнү басып алуу аркылуу "Бүткүл дүйнөлүк халифат" мусулман мамлекетин түзүү максатын көздөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Edik_86
2015-09-18 10:08:26
КАап сени болбогон жерден меттер ментер жон жерден эле жалаа жапканго дейм
+1
Bektur2
2015-09-18 13:18:01
Edik_86,атайын кетиришип сары ийзине чоп салып калган мучолорун кармашкан жатса керек да
+2
Yu-piter
2015-09-18 10:19:57
Дагы жакшы кое бериптир.Иш издемиш болуп,башкаларды вербовкалоо үчүн үгүт-насаат иштерин жүргүзгөндүр.Кыскасы тууган дин рекламага муктаж эмес.
+1
imanchik
2015-09-18 10:26:09
кебетеси жакшы адамга окшобойт (
+1
aziret-92
2015-09-18 10:42:25
imanchik, жакшы менен жаманды кебетесинен биле турган даражада эмессин сен.
0
briliant87
2015-09-18 11:01:09
Атайлап койобериши мумкун,себеби артынан андып башка шериктерин да табышы мумкун.
+4
football1
2015-09-18 11:04:48
Болбогон жомок. Эгер чындап экстремист болсо окунгон покунгонуно карабай камайт эле, отчет учун эле ушундай иштерди жургузуп жатабыз деген эмелери да.
+3
Akil8484
2015-09-18 11:29:48
Планды толтуруш учун сени кармады да бир адам болсо да издеп таптык дегенге эле шектенбегиле
0
mama.i.synochka
2015-09-18 12:25:45
Бирок Москвада да коп башка динге угуттогондор кочодо метродо мага кооп жолу сунушташкан.Ислам диниби десем жоок ага чейинки деп айткан. Ислам динин уйронунуз ошол жетет деп айтып кетип калгам
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан