Бишкекте "уюлдук телефондорду уурдаган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 27 жаштагы жигит Абдрахманов жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги интернет-клубунан 5 миң сомдук "Нокиа" үлгүсүндөгү телефонун уурдатканын айтып берген. Ушул сыяктуу уурулук фактысы Бөкөнбаев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде да катталганы белгилүү болду.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери 49 жаштагы Чүй облусунун тургунун кармашты. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.