Чүйдө 38 жаштагы жаран өзүнөн улуу адамга уят сөз айтып, үйдүн айнектерин сындырганы үчүн кармалды

Чүй облусунда бейбаштык кылган 38 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, 16-сентябрда саат 16:00 чамасында шектүү жаран Чүй облусунун Карагул айылынын 45 жаштагы Ш.Байышбек аттуу тургунунун үйүнө барып, уят сөздөр менен сүйлөнүп, турак жайдын жана короодогу унаанын айнектерин сындырып, белгисиз тарапка качып кеткен.

Бул факт боюнча ыкчам иликтөөнүн жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Ш.Жанышбек аттуу Чүй облусунун 38 жаштагы тургуну кармалып, окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. Ошондой эле келтирилген чыгымдар эсептелүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан