Бишкекте "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун 2 лидери жана 3 активдүү мүчөсү кармалды

Бишкекте "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун 2 лидери жана 3 активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу 18-сентябрда Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, алар 17-сентябрда Бишкекте жүргүзүлгөн "Антитеррор" деп аталган ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө кармалып, жашаган үйлөрү текшерүүгө алынганда "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмуна тийиштүү болгон жалпы 53 материал табылды. Үй ичинен 2 ноутбук, 1 планшет, 1 системдик блок, 15 китеп, 13 диск жана китепчелер табылып, бул боюнча теологиялык экспертиза дайындалып, Кылмыш-жаза кодексине ылайык чаралар көрүлө баштады. 



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jon_jurbos
2015-09-18 14:50:04
Тойгозду ушул тоок меелер
+7
tursunbaev2004
2015-09-19 01:33:50
jon_jurbos,мээлер болот,туура жазганды уйронолу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан