Чүйдө “жер тамдын короосуна кирип уурулук кылган” деген шек менен жергиликтүү тургун кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда “жер тамдын короосуна кирип уурулук кылган” деген шек менен жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, милицияга Озёрное айылынын 38 жаштагы Э.Лайлохан аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 11-сентябрдан 12-сентябрга караган түнү белгисиз адамдар анын үйүнүн короосуна кирип, буюмдарын уурдап кетишкен. Келтирилген чыгымдар учурда эсептелүүдө. Бул боюнча Аламүдүн ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери иликтөө жүргүзүп, кылмышка шектүү катары Чүй облусунун В.Владимир аттуу тургуну кармалган. Учурда ал адамдын башка дагы кылмыштарга тиешеси бар же жок экени текшерилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан