Коргоо министринин орун басары Жумабаев кызматтык жасалмачылык боюнча айыпталууда

Коргоо министринин орун басары полковник Нуркалый Жумабаев кызматтык жасалмачылык боюнча айыпталууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2014-жылдын ноябрь айында Н.Жумабаев Коргоо министрлигинин имаратынан чыгып жатканда бутунан жаракат алган. Мындан улам ал өзүнүн демилгеси менен кызматтык иликтөөнү дайындап, "кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурда жаракат алган" деген жыйынтык чыккан. Ошентип, ага камсыздандыруу суммасын төлөө боюнча коргоо министринин буйругу чыккан.

Полковник Н.Жумабаев кызматтык милдеттерин аткарууда жаракат алганына байланыштуу камсыздандыруу төлөмдөрүн мыйзамсыз алууга жалган документтер даярдалганы аныкталды.

16-сентябрда Аскер прокуратурасы коргоо министринин орун басары Нуркалый Жумабаевге жана кылмышка тиешеси бар делген кызматкерлерге карата "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "кызматтык жасалмачылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. 

Учурда полковник СИЗОдо кармалууда. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kursantbek
2015-09-18 16:03:49
жакшы жакшы ушундай олумуш адамдарды кооп кармасаанар башкаларгада сабак болот))))
+1
mirlanpiter
2015-09-18 16:56:43
Жакшы алга укмк,акчага алданбагыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан