Сейил бакта кызды зордуктап, таш менен башка уруп, чөнтөгүнөн 20 сомду уурдаган жигит 25 жылга эркинен ажыратылды

Бишкектеги Ататүрк атындагы сейил багында кызды күч колдонуу менен зордуктаган жаран 25 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 28-майында саат 14:30 чамасында жигит аталган сейил багында К.К. аттуу кыз менен жолугушуп, аны адам жок жерге алып келип, күч колдонуу менен зордуктаган. Андан соң кылмышын жашырыш үчүн, жабырлануучунун алсыз абалынан пайдаланып, таш менен башына эки жолу урган. Мындан кийин кызды өлүп калды деп ойлоп, анын чөнтөгүнөн "Нокиа" үлгүсүндөгү телефонун жана 20 сомун алып качып кеткен.

Бир нече убактан кийин жабырлануучу өзүнө келип, элди жардамга чакырган. Аны көрүп калгандар "Тез жардамды" чакырышкан. Медицина кызматкерлери кызды ооруканага жаткырышып, ачык баш сөөк жаракаты, мээнин чайкалышы жана башка диагноздорду коюшкан.

Бишкектин Октябрь райондук соту бүгүн, 18-сентябрда жабык соттук отурумда кылмышка шектүү 1995-жылы туулган Абдумуталиб Мамажановго салынган айып боюнча ишти карап, аны "адам өмүрүнө кол салуу", "зордуктоо" жана "каракчылык" беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул соттук чечимге ылайык, кылмышкер мүлкүн конфискациялоо менен 25 жыл мөөнөткө эркинен ажыратылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Kunbeken
2015-09-18 18:37:37
Иштесе ишке, жесе ашка, окуса окууга тойбой турган кезинде экм дуйно тозогун озуно ыраа коруптур...
+4
fanatka19
2015-09-18 18:47:44
20 жаштагы балада кайдагы мүлк?.бирок 25 жыл эң туура.
+4
lensk
2015-09-18 19:10:50
туура
+2
B.B.Sadykov
2015-09-18 19:12:08
Baardyk jarandarga, sottordun uwunday iwteerin kaalayt elem
+3
Ago
2015-09-18 21:08:03
Ээн жерде жолугушкан кызгада 10 жыл бериш керек.
-7
KGstan81
2015-09-18 21:11:57
Абдумуталиб Мамажанов туугандардан эмеспи
+1
Parish
2015-09-18 21:25:56
Эн туура чечим чыгарган.
+2
AFFANCULO
2015-09-18 21:48:59
таанышы же акчасы жок кетти да 20жылга болбосо качырып жиберет эле
+4
chonkurulush
2015-09-18 21:59:47
Адилеттуу чечим чыгыптыр бирок эмнеге жаш наристелерди зордуктаган адамдарга пара алгандарга женил гана жаза берилет?
+6
briliant87
2015-09-18 22:26:44
chonkurulush, мен сага кошулам эмне учун....???
+3
aziz2012
2015-09-19 01:49:00
chonkurulush, алар акча беришетта анан таныштары болот ошого оной кутулушат
+1
jindijigit
2015-09-18 23:52:53
Тура чечим.
0
chiko91
2015-09-18 23:56:08
Таанышы жокта сыягы
+2
chyngyz-KG
2015-09-18 23:57:04
12 жыл 6 ай Отурабы?Турмодогу бир жыл, 2 жылга тенби?Андай болсо 50 жылга камаш керек!
0
SHAHDAR
2015-09-19 09:53:25
25 жыл турмодо мунун бир жеринден шамаал айдап калат го. Зордуктоо менен тушкондорду ал жакта абдан жакшы корушот.
0
Take_men
2015-09-19 11:59:49
SHAHDAR, азыркы заманда угушумча передача коп кирсе педофилге да тийбейт дешет го
0
Take_men
2015-09-19 11:57:15
25 жыл строгий кетсе 15 жылдан кийин чыгат амнистия менен. 25 жыл максимальный срок. Андан коп бере албайт сот
0
orhidea
2015-10-05 19:29:00
Туура кылыптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан