
* Мындан 81 жыл мурун, 1934-жылы эгемендүү өлкөбүздүн эң узак өкмөт башчысы болгон
Апас Жумагулов Аламүдүн районунун Арашан айылында туулган. Москва нефть институтун бүтүргөн. Адистиги - тоо инженери-геолог. Түштүк геология экспедициясында лаборант, ага лаборант, "Кыргызнефть" башкармалыгынын Чангыр-Таш нефть чарбасында ага геолог, башкармалыктын Борбордук лабораториясынын башчысы, бургулоо конторасынын башкы геологу, башкы инженери, Кыргызстан КП БКнын өнөр жай жана транспорт бөлүмүнүн башчысы, катчысы, партиянын Ысык-Көл обкомунун биринчи катчысы, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, Эл депутаттарынын Чүй облустук кеңешинин төрагасы, ушул эле облустун губернатору, КРнын Премьер-министри болуп иштеген.

* Мындан 12 жыл мурун, 2003-жылы Европа парламенти абакта жаткан "Ар-намыс" партиясынын төрагасы
Феликс Куловду илимпоз жана укук коргоочу Андрей Сахаров атындагы сыйлыкка көрсөткөн.
Европа парламенти 2003-жылы өз өлкөсүндө демократия үчүн күрөшүп, мыйзамдын сакталышын, сөз эркиндигин жактаган саясий айыпкерлерге берилүүчү Сахаров атындагы сыйлыкка Борбор Азиядан төрт адамдын талапкерлигин көргөзгөн. Алар: "президент С.Ниязовго кол салганга катышы бар" деп айыпталып 25 жылга абакка отургузулган түркмөнстандык Батыр Бердиев, Өзбекстандын оппозициячыл "Эрк" партиясынын мүчөсү, саясий айып тагылып 15 жылга кесилген Мухамед Салих, Казакстандан 7 жылга эркинен ажыратылган Галимжан Жакиянов жана Кыргыз Республикасынан Феликс Кулов. Булардан тышкары аталган сыйлыкка Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Кофи Аннан жана БУУнун Багдаддагы штабынын быйылкы жардыруудан каза болгон кызматкерлери көрсөтүлгөн. Андрей Сахаров атындагы эл аралык сыйлыктын өлчөмү 50 миң еврону түзгөн.
* Мындан 87 жыл мурун, 1928-жылы Нью-Йоркто биринчи ирет
"Микки Маус" мультфильминин бет ачары болгон. Америкалык сүрөтчү-мультипликатор, кинорежиссёр Уолт Дисней 1928-жылы 21-майда Микки Маустун образын иштетүүгө патент алган.
Микки Маус - эң белгилүү мульт-каармандардын бири, XX кылымдын Америка маданиятынын белгиси, азыркы күндө "Walt Disney Productions" компаниясынын логотиби. 2008-жылы "Микки Маустун" автордук укугунун баасы АКШнын 3 миллиард долларынан ашкан.

* Мындан 33 жыл мурун, 1982-жылы Карнеги-Меллон университетинин профессору
Скотт Фалман интернет тармагында жазышууда эмоцияны билдирүү үчүн быйтыкчаларды колдонууну сунуштаган. Алгач катары менен кош чекит ":", тире "-" жана жабылган кашааны ")" колдонуп, күлгөн эмоцияны көрсөтүү сунушун киргизген. Бул электрондук лексикага киргизилген маанилүү жаңычылдык болгон.