Бишкектеги ритуалдык кызмат көрсөтүү агенттиги мүрзө аймагынан дарактарды мыйзамсыз кыюуга тапшырма бергени айтылды

Бишкек мэриясы Ички иштер министрлигинин 5-Башкармалыгы менен биргеликте "Түндүк көрүстөнүнүн" аймагынан кара жыгач дарактарын мыйзамсыз кыюу кылмышынын бетин ачты. Мэриянын билдиришинче, тергөөнүн алдын ала жыйынтыгына ылайык, дарактарды мыйзамсыз кыюу тапшырмасын Бишкек шаардык ритуалдык кызмат көрсөтүү агенттигинин жетекчилиги бергени аныкталды. Азыркы учурда мэрия, ИИМдин аталган башкармалыгы жана Экологиялык жана техникалык инспекция боюнча мамлекеттик инспекция келтирилген зыяндын көлөмүн, күнөөлүү адамдарды аныктоо үчүн тийиштүү иштерин жүргүзүшүп жатканы айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан